ЖЕР АСТЫНДА КАЗЫП ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 15 April 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Жер астында казып иштетүү бөлүмүнө 2024-жылдын жайкы практика программасына 3–4-курстун студенттерин тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун «Жер астында казып иштетүү», «Маркшейдерлик иш» же тиешелүү адистиктер боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (4-курс 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн эсептелинет);
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
- Англис тилин билүү артыкчылык болот;
- Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Жакшы физикалык формада, медициналык тараптан бийик тоолуу кенде иштөөгө жарактуу болуу.
Милдеттер:
- Жер астындагы кендерди казып алуунун ыкмаларын жана өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү жана үйрөнүү (бургулоо жана жардыруу паспортторун түзүү, бекитүү жана вентиляция, туруктуу жана убактылуу таянычтарды орнотуу, маркшейдердик жумуштар);
- Сурамжылоо жүргүзүүдө жана тиешелүү документтерди жана маалыматтарды иштеп чыгууда жардам көрсөтүү;
- Негизги техникалык мүнөздөмөлөрү жана кен казуу иштерин коопсуз казуунун ыкмалары менен таанышуу.
Практиканын шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика
- Мөөнөтү – 31.08.2024 чейин
- Өтүүчү жери – Кумтөр кени
- Графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 30–апрелинде 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.