ЖАЗГЫ ДЕМ ЖАНА БИРИМДИК: БИШКЕКТЕ “ЖАЗ ДЕМИ 2025” ЖАРЫШЫ ӨТТҮ

ЖАЗГЫ ДЕМ ЖАНА БИРИМДИК: БИШКЕКТЕ “ЖАЗ ДЕМИ 2025” ЖАРЫШЫ ӨТТҮ

Жарыяланган: 16 April 2025

Бул күнү Бишкек чыныгы энергияга толуп турду. 13-апрель күнү борбор калаада жаздын эң шыктандыруучу “Жаз деми 2025” жөө күлүктөр жарышы болуп өттү.

Салтка айланган бул жарышта 3800дөн ашуун катышуучу стартка чыгып, белгиленген аралыктарды багындыруу менен кайталангыс жаркын эмоцияларга ээ болушту. Шаарды шаңга бөлөгөн бул жөө күлүктөрдүн катарын ар кандай кесиптин ээлери, анын ичинде Кумтөр кен жайынын директору Кубаныч Молдобеков дагы толуктаган.

“Мен 10 чакырым аралыкка чуркадым. Бул жөн гана чуркоо эмес, бул башкача ритм, башка дем менен коштолгон өзгөчө атмосфера болду. Чынында трассада укмуштуудай маанай өкүм сүрдү. Жылмаюулар, көрүүчүлөрдүн колдоосу, музыка жана санаалаш адамдар менен бир катарда чуркоо өзгөчө энергия берет экен. Артта калган ар бир чакырым — жаңы бийиктиктерге карай жаңы кадам, жаңы дем сыяктуу сезилип жатты. Ал эми финиште муну дагы бир жолу сөзсүз кайталаш керек экенин түшүнөсүң. “Жаз деми” – бул ички эргүү, алдыга карай умтулуу жана командалык духка ишенгендердин дүйнөсү экен. Дал ушундай баалуулуктарды Кумтөрдүн ар бир кызматкери чын дили менен бөлүшөөрүнө ишенем”- деди Кубаныч Молдобеков.