Жарыяланган: 12 April 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун кызматкерлери компаниянын Бишкектеги кеңсесине чектеш аймакты көрктөндүрүү ишин улантышууда.
Шаардын экологиясын жакшыртуу менен бирге Кумтөрдүн жамааты жумуш ордунда жашыл жана ыңгайлуу мейкиндик түзүү үчүн бүгүн 40 түп туя дарагынын көчөттөрүн отургузушту. Бул айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган биринчи иш-чара эмес. Буга чейин дагы компаниянын кызматкерлери ишкананын айланасына жаш карагайларды отургузуп, айлана-тегеректи таштандылардан тазалап, иретке келтиришкен. Мындай аракеттер жалпы жамаат үчүн жакшы салтка айланып, Кумтөр ишканасынын айлана-чөйрөнү жакшыртууга жана кызматкерлер арасында экологиялык жоопкерчилик маданиятын өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирет.