ЖАРДЫРУУ ИШТЕРИ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 17 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
ЖАК «Кумтор Голд Компани» 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин жардыруу иштери бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү багыттар боюнча: «Жардыруу иштери», «Ачык тоо-кен иштери», «Пайдалуу кендерди жер астында иштетүү»;
- Жогорку академиялык жетишкендиктер;
- Инициативдүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалоо;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуучу, MS Office программаларын билүү;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Белгиленген график боюнча практикадан өтүүгө даярдык;
- Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан бийик тоо кенинде иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө жалпы коопсуздук талаптарын үйрөнүү;
- Жардыруу иштери боюнча жалпы түшүнүктөр, тоо тектердин физика-механикалык касиеттеринин жана БВР параметрлеринин жардыруу сапатына тийгизген таасирин үйрөнүү;
- Жардыруу скважиналарын заряддоо техникасы жана технологиясын үйрөнүү;
- Тажрыйбалуу адистин көзөмөлү астында скважиналарды бекитүү;
- Жардыруучу заттарды даярдоо процессин үйрөнүү;
- Жардыруу иштеринде коопсуз аралыкты аныктай билүү;
- БВР эсептөөлөрүн, паспортторун жана долбоорлорун түзүү;
- BlastMaker программалык-техникалык комплекс менен таанышуу;
- Kobus жана Minesense системасынын иштөө принциби менен таанышуу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.