ЮРИДИКАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ЮРИДИКАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 23 April 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 12.05.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Юридикалык бөлүмүнө эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Юриспруденция багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейин бүтүрүүчүлөрдүн арыздары кабыл алынат);
  • Кесиптик тажрыйба;
  • MS Office, анын ичинде Excel программаларын ишенимдүү билүү;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө;
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү (англис тилин билүү артыкчылыкка ээ);
  • Стресске туруктуулук, командада иштей билүү;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү жана көңүл буруу.

Милдеттер:

  • Документтердин баштапкы долбоорлорун даярдоо;
  • Бөлүмдүн архивин жүргүзүү;
  • Маалыматтык маалым каттарды даярдоо;
  • Бар болгон иштер боюнча сот актыларынын даярдыгын көзөмөлдөө жана өз убагында алуу;
  • Юридикалык бөлүмдүн кызматкерлерине техникалык жардам көрсөтүү.

 

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 12-майында 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.