ЫСЫК-КӨЛДҮН КЕЛЕЧЕГИНЕ 147 МИЛЛИОН СОМ: “КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” СОЦИАЛДЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫН КӨЛӨМҮН ӨСТҮРҮҮДӨ

ЫСЫК-КӨЛДҮН КЕЛЕЧЕГИНЕ 147 МИЛЛИОН СОМ: “КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” СОЦИАЛДЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫН КӨЛӨМҮН ӨСТҮРҮҮДӨ

Жарыяланган: 10 April 2025

Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов менен «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субановдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда компаниянын 2024-жылдагы көрсөткүчтөрү жана алдыдагы пландары, Кумтөр ишканасынын Ысык-Көл облусунда ишке ашырып жаткан долбоорлору талкууланды. Ишкана жетекчиси 2024-жыл компания үчүн ийгиликтүү болуп, быйылкы жылга дагы маанилүү иштер, максаттар коюлуп жаткандыгын баса белгиледи.

“Кумтөр Голд Компани” Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык турмушуна активдүү катышып, бир катар социалдык, инфраструктуралык, экологиялык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятка байланышкан долбоорлорду колдоп, жалпысынан акыркы 2 жылда 147,7 миллион сом жумшаган. Мындан ары дагы бул багыттагы иштерди уланта беребиз”- деди Бузурман Субанов.

Өз кезегинде Бакытбек Жетигенов компаниянын Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымын жогору баалап, Бузурман Субановго ыраазычылык билдирди.