Жарыяланган: 01 March 2025
Урматтуу мусулман бир туугандар, ардактуу кесиптештер жана өнөктөштөр, баарыңыздарды “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому ыйык Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул берекелүү айда ар бириңиздерге бекем ден соолук, сабырдуулук жана ыймандуулук каалайбыз.
Орозо айы – бул руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун жана биримдиктин айы. Бул айда ар бирибиз өзүбүздүн напсибизди тыйып, жакындарыбызга жана муктаж болгондорго жардам берүүгө аракет кылалы.
Жараткан ар бириңиздердин кармаган орозоңуздарды кабыл кылып, тилектериңерди орундатсын!