Жарыяланган: 21 June 2022
Петров көлү бийик тоодо ушундай эле аталыштагы мөңгүнүн четинде жайгашкан, климаттын ысыгандыгынан улам 100 жыл мурун пайда болгон. Ошондой эле ал аянты жана суусунун көлөмү боюнча Тянь-Шань тоолорундагы эң ири мөңгү көлү, андан Кумтөр дарыясы агып чыгат. Мындан сырткары “Кумтөр” кенин суу менен камсыздоо үчүн колдонулат. Алтын кендин айланасында ондогон мөңгүлөр орун алган.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн экологдору, инженерлери жана гляциологдору көлдүн, дарыянын жана мөңгүлөрдүн булганышына, муздун пайда болушуна, суунун табигый агымына тоскоолдуктарга жана муздун эришине мониторинг жүргүзүп турушат. Ар кандай окуялардын алдын алуу үчүн кичине эле өзгөрүү болсо тийиштүү чараларды көрүшөт.
Петров көлү
Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн кенже инженери Виталий Сычев Петров көлүндө суунун деңгээлин реалдуу убакыт режиминде ар бир беш мүнөт сайын көзөмөлдөп турган жана санарип форматта маалыматтарды тиешелүү бөлүмдөргө, инженерлерге, жетекчилерге өткөрүп турган атайын датчиктер орнотулганын билдирди.
“Өткөн жылы жана андан мурунку жылы көлдө бекемдөө иштерин жүргүздүк. Ошондой эле талдоо жүргүзүлүп, консультанттар тартылып, алар Петров көлүнүн мөңгү тарабынын жырылуу коркунучун алдын алуу үчүн коопсуздук боюнча иштерди жүргүзүүгө жардам беришти”, – деп билдирди кенже инженер Сычев.
Ал акыркы убактарда фабрика өндүрүш процесси үчүн негизинен карьердеги суудан пайдаланып, ал эми көлдөн анча көп керектебей калганын, мурдагыдай эки-үч насостун ордуна бирөө гана иштеп жатканын айтат.
«Суунун дэңгээлине туруктуу, тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп жатат, буга биз олуттуу жана кылдат мамиле кылышыбыз керек. Бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, ошол себептен дыкат мамиле жасайбыз», – деп жыйынтыктады.
Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнөн билдиришкендей көлдөн агып чыккан Кумтөр дарыясын бойлото мониторинг жайлары орун алып, аларга дарыянын нугунун агымын, тереңдигин жана кеңдигин өлчөгүчтөр орнотулган жана дарыяга куюлган баардык суулардан кичинеден үлгү алынат.
Суулар куюлуп жатканда да, агып чыгып жатканда да үлгүлөр алынат, андан кийин кычкылтектин керектелишин аныктоо, тиричиликтен чыккан саркынды суулардагы синтетикалык активдүү заттарды көзөмөлдөө жана башка анализдер жасалат. Тест жума сайын жүргүзүлуп турат.
Жырылып кетүү коркунучу жок
Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмү тарабынан экологияны коргоону уюштуруу системасын жакшыртуу, экологиялык коопсуздуктун эрежелерин сактоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Бөлүмдүн координатору Талантбек Кожоев белгилегендей, адистер биринчи кезекте 2022-жылы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен биргеликте экологиялык иш-чаралардын планын бекитүүгө жетишти. Учурда агындылар, калдыктар жана аба боюнча тийиштүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Анын айтымында убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, Кумтөр Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийин кендин экологдору бардык эл аралык жана мамлекеттик технологиялык, ошондой эле экологиялык эрежелерди мурдагыдан да дыкат аткара башташты.
“Жергиликтүү элде, деги эле көпчүлүктө Петров көлүнүн дамбасы жырылып кетеби деген суроо жаралып келет. Бул багытта биз көлдүн батиметриясы (суу бассейндеринин суу астындагы бөлүгүнүн рельефин изилдөө) жана дамбанын бекемдиги боюнча иштерди жүргүздүк. Изилдөөлөр жырылып кетүү коркунучу жок экенин көрсөттү”, – деди Кожоев.
Ал мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо КГКнын ишиндеги приоритет экенин кошумчалады.
Алсак, 2021-жылы министрлер кабинетинин сууларды пайдалангандыгы үчүн жыйымдар жана төлөмдөр жөнүндө токтомунун негизинде Петров көлүнүн мөңгү сууларын пайдалангандыгы үчүн Кумтөр 197 миллион сомго жакын акча төлөдү.
Бирок, жогоруда белгиленгендей, фабриканын өндүрүштүк керектөөлөрү үчүн азыр карьерден суу чыгарылып жатат, мындан сырткары жаан-чачын суулары топтолуп, чыпкаланып колдонулууда.
Кумтөрдөгү мөңгүлөр
Кендин дагы бир адиси, гляциолог (табигый муздар боюнча адис) жана кенже инженер Бакыт Эрменбаев гляциолог катары анын милдети кенге жакын Сары-Төр, Борду жана кенден бираз алыс жайгашкан Сары-Чат, Чоң-Котур, Ашуу-Төр мөңгүлөрүнө комплекстүү мониторинг жүргүзүү экенин айтат.
Алардан алынган маалыматтар Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн көрсөткүчтөрү менен салыштыруу үчүн керек. Гляциологиялык мониторинг Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана энергетика институтунун адистери менен биргеликте жүргүзүлөт.
“Биз мөңгүлөр эмне болуп жатканын, жылына канча эрип, кар кандай топтолорун дайыма байкап турабыз. Эрүү боюнча маалыматтарды алуу үчүн биз муздун бетине абляциялык рейкаларды орнотуп, өзгөрүүлөрдүн бар-жогун байкайбыз. Такай байкоо объектилери катары биз Сары-Төр жана Борду мөңгүлөрун тандап алганбыз, муздун жана кардын топтолуусун, эрүүсүн ченеп жатабыз”, – деп белгиледи Эрменбаев.
Ушундай жол менен компаниянын адистери динамиканын эң маанилүү көрсөткүчтөрү болгон ушул эки мөңгүнүн тең салмактуулугун эсептеп турушат. Ошондой эле бул маалыматтарды мөңгүлөрдүн дүйнөлүк каталогдорунан көрүүгө болот.
Гляциолог жер шарында климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу дүйнөдө мөңгүлөр бузулуп жатканын кошумчалады. Деградациянын негизги фактору температуранын жогорулоосу.
Көптөгөн окумуштуулар өз макалаларында жана метеорологиялык маалыматтардын негизинде орточо жылдык температуранын жогорулаганын баяндап жатышат, мындан Кыргызстан да четте калган жок.
“Ошондуктан, биздин бөлүмдүн ишиндеги негизги приоритеттердин бири мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү болуп саналат, биз изилдөөлөрдү жана байкоолорду жүргүзүп, аларды ишкананын өндүрүштүк ишмердигинен коргоо максатында туруктуу мониторинг кылып турабыз. Мындан сырткары мөңгүлөрдүн жылуусун такай байкоо үчүн радарлар орнотулган”, – деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Эрменбаев.