ВИДЕОБАЙКОО СИСТЕМАЛАРЫНЫН ТЕХНИК-ОПЕРАТОРУ
Жарыяланган: 22 April 2022
Жабык
“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Видеобайкоо системаларынын техник-оператору (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-146
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Видеобайкоо тутумдарын, күзөт сигнализациясын, кирүүнү көзөмөлдөө жана башкаруу системасын колдонуу жана тейлөө;
- Коопсуздук системаларынын маалымат базасын башкаруу, чип ачкычтарын жана ID-карталарды чыгаруу;
- КГКнын кеңсеси жана башка объектилери үчүн инженердик-техникалык коопсуздук системаларын долбоорлоого, орнотууга жана оңдоого катышуу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
Билими, квалификациясы:
- IT, ССК, электроника же чектеш адистиктер боюнча жогорку же орто атайын билим;
- Укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана күч түзүмдөрүндө иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Билимдери жана көндүмдөрү:
- Системалык администратордун негизги деңгээлинде компьютердик системаларды жана байланыш тармактарын билүү
Жеке сапаттары:
- Аткаргычтык, баарлаша билүү, окууга жөндөмдүүлүк, тартиптүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк
- Ден соолугу чың, бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даяр, физикалык даярдыгы жакшы болуу
Кошумча көндүмдөр (тилдерди, компьютердик программаларды ж.б. билүү):
- “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
Анкета жана резюмени 2022-жыл 10-май саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-146.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.