ВИДЕО — КУМТӨРДӨГҮЛӨР ТАМЕКИДЕН БАШ ТАРТУУДА

ВИДЕО — КУМТӨРДӨГҮЛӨР ТАМЕКИДЕН БАШ ТАРТУУДА

Жарыяланган: 19 February 2025

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому өткөн жылы, 31-май – Бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүүгө каршы күнү «Мен тамекиден баш тарттым!» долбоорун баштаган. Жакында бул долбоордун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ага 90 кызматкер катышып, 3 адамдан турган 3 команда бардык талаптарды так аткарып, алдыга суурулуп чыгышты. Алар толугу менен тамекиден баш тартып, дени сак жашоого өтүштү. Кумтөрдүн Медицина бөлүмүнүн Өнөр жай гигиенасы боюнча дарыгери Чыңгыз Эгембергеновдун айтымында, бул долбоор компания кызматкерлеринин арасында абдан зор кызыгууну жаратып, көпчүлүгү зыяндуу адаттан арылууга олуттуу кадам таштаган.

“Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган Смокилайзер деген аппарат бар. Бул аппараттын жардамы менен долбоорго катышкан кызматкерлерди текшерип жаттык. Үйлөө жолу аркылуу өпкөдө көмүр кычкыл газдын бар же жок экени билинет. 6 ай бою тынымсыз текшерип, атайын протокол, отчет түзүп, тамекени чындап таштагандарды аныктап чыктык”-дейт Чыңгыз Эгембергенов.

Долбоорго катышуу үчүн «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери үч адамдан турган команда түзүп, каттоодон өтүшкөн. Катышуучуларга медициналык, профессионалдык колдоо көрсөтүлүп, ар бирине жеке программа да иштелип чыккан. Долбоордун жеңүүчүлөрү баалуу байгелер менен сыйланып, кесиптештерине дени сак жашоо образын баштоого чакырык ташташты.