Жарыяланган: 26 December 2024
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун кызматкерлери кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунда камсыздандырышты.
Жеке мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн түшүнгөн компаниянын көптөгөн кызматкерлери Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жеке турак-жайларын, автотранспорт каражаттарын өрттөн жана башка кырсыктардан камсыздандыруу боюнча чакырыгын кабыл алышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын ишке ашыруунун алкагында буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ишканага тиешелүү бардык автоунааларды, атайын техникаларды, өндүрүштүк жайларды, ошондой эле кооптуу жүктөрдү, жумуш учурундагы кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда камсыздандырган.