Жарыяланган: 12 December 2024
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Индонезияда өтүүчү Азия аймагындагы химия боюнча олимпиадага катыша турган Балтабай айылынын тургуну, 9-класстын окуучусу Атабек Бейшебаевге колдоо көрсөттү.
112 миң сомдук сертификат тапшырып жатып, «Кумтөр Голд Компанинин» президенти Алмазбек Барыктабасов таланттуу жаштарды жана жалпы эле билим берүү тармагын колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.