ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 06 March 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Туруктуу Өнүктүрүү бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык, инженердик, экономикалык жана юридикалык билим;
- Оозеки жана жазуу жүзүндө баарлашуу көндүмдөрү, анын ичинде кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү;
- Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
- Күчтүү пландаштыруу жана уюштуруу жөндөмү, ишти кыска мөөнөттө бүтүрүү жөндөмдүүлүгү;
- Натыйжалуулук жана командада иштөөгө каалоо.
Милдеттер:
- Бөлүмдүн кириш жана чыгыш каттарын эсепке алуу;
- Жооптордун долбоорлорун даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- КГКнын ММКлары үчүн керектүү маалыматты даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Уставдык документтер боюнча маалыматтарды чогултуу;
- Командалар программасында документтерди эсепке алуу;
- Келишим түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Котормонун маанилик тактыгын көзөмөлдөө;
- Иштиктүү каттарды которууга жана түзүүгө жардам берүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жылдын 11-марты, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.