ТОКМОК ШААРЫНДАГЫ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДГО 8 ДААНА «CHEVROLET» КРОССОВЕРЛЕРИ САТЫЛЫП АЛЫНДЫ

ТОКМОК ШААРЫНДАГЫ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДГО 8 ДААНА «CHEVROLET» КРОССОВЕРЛЕРИ САТЫЛЫП АЛЫНДЫ

Жарыяланган: 19 November 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Чүй облусунун Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдо болуп, жакында эле эки нөөмөттө иштеп баштаган ишканадагы өндүрүштүк процесс менен таанышты. 

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти заводдун учурдагы өндүрүштүк муктаждыктарын ыкчам чечүү максатында ата-мекендик «Тулпар Моторс» заводунан чыгарылган 8 даана Chevrolet үлгүсүндөгү автоуналар алынып, Токмок шаарындагы заводго өткөрүп берилгендигин билдирди.

«Учурда өндүрүштү жана продукциянын ассортиментин кеңейтүү маселесин изилдеп жатабыз. Рынокту талдоо жана ага байланыштуу экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлүүдө», – деди ишкана жетекчиси.

Алмазбек Барыктабасов «Кумтөр Голд Компани» Токмок шаарындагы өзүнүн туунду компаниясын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Биздин максат – өндүрүштүк ишмердүүлүктүн натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу. Жылдар бою сакталып, кайра иштетилбеген унаа дөңгөлөктөрү экосистемага коркунуч жаратат. Ошол себептен унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетип гана тим болбостон, кайра калыбына келтире турган завод ишке кирди. Азыр заводдун цехтерине бардык керектүү жабдыктар орнотулуп, экинчи нөөмөт ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», – деди Алмазбек Барыктабасов.