ТИМ СМИТ, MMD (MINING MACHINERY DEVELOPMENTS) КОМПАНИЯСЫНЫН САТУУЛАР БОЮНЧА МЕНЕДЖЕРИ: «КУМТӨРДӨ ӨНДҮРҮШ АБДАН ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛУПТУР»

ТИМ СМИТ, MMD (MINING MACHINERY DEVELOPMENTS) КОМПАНИЯСЫНЫН САТУУЛАР БОЮНЧА МЕНЕДЖЕРИ: «КУМТӨРДӨ ӨНДҮРҮШ АБДАН ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛУПТУР»

Жарыяланган: 26 June 2024

«Бир топ кесиптештерибиз менен «MINEX Central Asia – 2024» форумуна катышып, дал ушул иш-чаранын алкагында Кумтөр кен жайындагы өндүрүш процесси менен жеринде тааныша алдык. Мындай уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлгөнү үчүн абдан кубанып турабыз.

Чынында бул жактагы көргөндөрүм, колдонулуп жаткан коопсуздук чаралары мыкты деңгээлде экени менен таң калтырды. Мындай бийик тоолуу шартта алтын казып алуунун өзү оңой иш эмес. Ошого карабастан кенде өндүрүш жогорку деңгээлде уюштурулганын, эң заманбап жабдуулар орнотулганын, адистердин даярдыгы да абдан жогорку деңгээлде экенин байкадым. Келечекте чогуу иштешип, бизнес өнөктөш болобуз деген тилегим бар.»

Маалымат үчүн: Mining Machinery Developments (MMD) – дүйнөлүк тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары менен иштешүүдө акыркы инновациялык технологияларды колдонгону менен өзгөчөлөнгөн глобалдык компания. 40 жылдан ашык убакыттан бери, MMD компаниясы өнөр-жайдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу менен бирге өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүн, рентабелдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуучу инновациялык чечимдерди сунуштап келет.