Жарыяланган: 07 October 2013
Эӊ сонун адам жана мыкты адистин, техника илимдеринин кандидатынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Жаратылыш ресрурстарын математикалык-картографиялык моделдештирүү лабораториясынын башчысынын жүрөгү токтоп калды.
87 илимий иштин автору болгон Валерий Андреевич гляциология тармагында эӊ жогорку деӊгээлдеги адис болгон, ал математикалык-картографиялык моделдештирүүнүн уникалдуу методун колдонуу менен Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунун суу-экологиялык абалдарын изилдөөгө зор салым кошкон.
Кузьмиченок В.А. «Кумтөр» кен ишканасын өнүктүрүүгө зор колдоо көрсөткөн. Кенди иштетүү башталгандан бери Валерий Андреевич компаниянын мөӊгүлөрдүн абалын изилдөө боюнча консультанты болуп саналган, анын изилдөөлөрүнө таянуу менен руданы казып алуу жана карьерди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Валерий Андреевичтин бул дүйнөдөн өтүүсү биздин баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу болуп саналат, ал жөнүндө эскерүү көп сандаган досторунун жана коллегаларынын жүрөгүндө түбөлүк жашай бермекчи.