САЛЫК БОЮНЧА ЭСЕПЧИ
Жарыяланган: 29 April 2021
Жабык
КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ
САЛЫК БОЮНЧА ЭСЕПЧИ (Бишкек ш.)
бош жумуш ордуна сынак жарыялайт
Билдирүүнүн номуру: KGC-21-68
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:
- Салык эсебин өз убагында жана спасаттуу уюштуруу, КР Салык Кодексинин жана башка колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларына жана макулдашууларына ылайык салык отчетторун даярдоо;
- Салык отчетторду даярдоо жана тышкы жана ички колдонуучуларга отчеттуулукту берүү;
- Салык мыйзамындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтын Компания тарабынан өз убагында колдонулушун камсыздоо максатында консолидациялоо;
- КРнын бюджетине салыктарды туура жана өз убагында жана туура эсептеп которуу;
- КРнын бюджетине төлөнүүчүсалыктар боюнча прогноздорду даярдоо жана салык органдарына сунуштоо;
- Бөлүмдүн компетенциясындагы суроолор боюнча бекитилген тартипке ылайык салык жана каржы органдары, ошондой эле мамлекеттик башка органдар жана уюмдар менен иш алып баруу;
- Эсеп-фактураларды убагында эсептеп, кабыл алууга даярдап берүү, башка сатуулар боюнча карыздын төлөнүшүн контролдоо;
- Тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге болжолдуу маалыматтарды өз убагында берүү;
- Финансылык мезгилди жабуу тартибине ылайык, керектүү бухгалтердик жазууларды даярдоо;
- Компаниянын жана аудиторлордун талаптарына ылайык зарыл болгон каржылык отчеттуулукту түзүү;
- Мамлекеттик органдар жана мекемелердин өкүлдөрү менен атайын байланышты ишке ашыруу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Тиешелүү тармак боюнча бакалавр же магистр даражасы;
- Иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес;
- Аналитикалык жогорку жөндөмдүүлүктөр, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү, тактык;
- Мыйзамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана ченемдик укуктук актылары жөнүндө жалпы билим;
- Көп тапшырма режиминде тез иштөө, мыкты командалык жана коммуникативдик жөндөмдөргө ээ болуу, тактык, эмгекчилдик, стресске туруштук берүү;
- MS Office ти ишенимдүү колдонуучунун деңгээлинде билүү, Excel программасын билүү;
- Англис тилин билүү, кыргыз тилин билүү артыкчылыктуу.
Анкета жана резюмени 2021-ж. 13 майына чейин HR_Kumtor@centerragold.com электрондук почта аркылуу.
Анкетаны бул жерден жүктөп алсаңыз болот.
Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KGC-21-68.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.