ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 20 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан Геологиялык чалгындоо бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Геология” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Геологиянын, минералогиянын жана петрографиянын негиздерин билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office, AutoCAD, MapInfo программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;
- Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн иши менен таанышуу;
- Тоо выработкаларын документациялоо ыкмалары менен практика жүзүндө таанышуу;
- Кен жайдын петрографиясы менен минералогиясын изилдөө;
- Бөлүмдүн геологдоруна жардам берүү;
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 3 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.