ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 20 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Инженердик-геологиялык бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү”, “Тоо өндүрүшүнүн физикалык процесстери” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери ( 5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office, AutoCAD программаларында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Геодезиялык приборлорду изилдөө, аспаптарды жана аларды колдонууну үйрөнүү жана өздөштүрүү;
- Геодезиялык аспаптарды пайдаланып коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана картадан чыгаруу;
- Ишенимдүү натыйжаларды алуу үчүн шлам үлгүлөрүн тандап алуу методологиясын изилдөө;
- Карьердин бооруна байкоо чекиттерин орнотуу жана съемка жүргүзүү боюнча нускамаларга ылайык жумуштарды коопсуз аткаруу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана съемка жүргүзүү;
- Туюккап чарба объекттилерине коюлган талаптарды өздөштүрүү;
- Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Кендердин физикалык-механикалык касиеттеринин жана БЖИ параметрлеринин жардыруунун сапатына таасири.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 3 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.