ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 20 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Бургулоо-жардыруу иштер(БЖИ) бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Жардыруу иштери”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү” багыттар боюнча 3 же 4-курсунун студенттери ( 5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат:
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө жалпы коопсуздук талаптарын үйрөнүү;
- Жардыруу ишиндеги жалпы түшүнүктөр, тоо тектеринин физикалык-механикалык касиеттеринин жана БЖИ параметрлеринин жардыруу сапатына тийгизген таасири менен таанышуу;
- Жардыруу скважиналарын заряддоо техникалары менен технологиясын үйрөнүү;
- Тажрыйбалуу адистин көзөмөлү астында скважинанын забойкасын аткаруу;
- Жардыруу заттарын даярдоо процессин изилдөө;
- Жардыруу учурунда коопсуз аралыкты аныктай билүү;
- Эсептөөлөрдү жүргүзүү, БЖИ паспортторун жана долбоорлорун түзүү;
- “BlastMaker” ПТК менен таанышуу;
- Kobus жана Minesense системасынын иштөө принциби менен таанышуу;
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 3 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.