ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 01 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү”, “Тоо өндүрүшүнүн физикалык процесстери” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат:
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office, AutoCAD программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Геодезиялык приборлорду изилдөө, аспаптарды жана аларды колдонууну үйрөнүү жана өздөштүрүү;
- Геодезиялык аспаптарды пайдаланып коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана картадан чыгаруу;
- Туура жыйынтыктарды алуу үчүн шлам пробаларын алуу методикасын изилдөө;
- Карьердин бооруна байкоо чекиттерин орнотуу жана маалымат алуу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана маалымат алуу боюнча нускамаларга ылайык жумуштарды коопсуз аткаруу;
- Калдыктар чарба объекттилерине коюлган талаптарды өздөштүрүү;
- Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Кендердин физикалык-механикалык касиеттери жана БЖИ параметрлеринин жардыруунун сапатына таасири.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 2 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
- Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.