ПЕРСОНАЛ МЕНЕН ИШТӨӨ АДИСИ
Жарыяланган: 16 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:
ПЕРСОНАЛ МЕНЕН ИШТӨӨ АДИСИ
Балыкчы шаары
Билдирүүнүн номери:KGC-21-82
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү (жумушка алуу, башка ишке которуу, иштен бошотуу жөнүндө буйруктар, эмгекке жарамсыздык баракчалары, эмгек келишимдерин жана кошумча макулдашууларды жол-жоболоштуруу);
- Кызматкерлердин өздүк иштерин түзүү;
- Эмгек китепчелерин толтуруу, эсепке алуу жана сактоо;
- Ички отчетторду даярдоо; маалыматтарды киргизүү;
- Эмгек акыны эсептөө жагында бухгалтерия менен бирге иштешүү.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку билимге ээ болуу;
- Кадрдык иш жүргүзүү жаатында иш тажрыйбанын болуусу кубатталат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана салык мыйзамдарын жана кадрдык иш кагаздарын жүргүзүүнү мыкты билүү;
- Компьютерде иштегенди (MS Office пакетин) мыкты билүү; Excel менен жакшы иштей билүү;
- Автоматташтырылган персонал эсебин жүргүзүү программасынын эмгек акы жана кадрлар модулу жагында иш тажрыйбага ээ болуу;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
Анкета жана резюмени 2021-жыл 30-июнь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf) менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-82
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.