ПОДРЯДДЫК ИШКАНАЛАРДЫН ФИНАНСЫЛЫК-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА АНАЛИТИК-АДИСИ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)
Жарыяланган: 19 December 2022
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Подряддык ишканалардын финансылык-чарбалык ишмердиги боюнча аналитик-адиси (Бишкек кеңсеси)
Бөлүм: Подряддык ишканалар менен иштөө бөлүмү
Билдирүүнүн номери: КГК -22-281
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Тийиштүү чыгаша борборлору боюнча чыгашаларды, четтөөлөрдү, бюджеттик жана болжолдуу көрсөткүчтөрдүн сакталышын талдоо;
- Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттөө жана болжолдоо;
- Жылдык бюджеттин долбоорлорун, кварталдык болжолдорду жана башка отчетторду түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Нормативдерди иштеп чыгуу, сметаларды жана эсептөөлөрдү текшерүү, эмгек акынын ведомостторун жана табельдерди салыштыруу;
- Жаңы эсеп регистрлерин, чыгымдарды, активдерди жана өз ара милдеттенмелерди контролдоо боюнча реестрлерди иштеп чыгууга катышуу;
- Жогорку натыйжаларга жетүү жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн процесстерди оптималдаштыруу жана автоматташтыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
- Белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүгө тоскоол болгон көйгөйлөрдү аныктоо үчүн финансылык-экономикалык жана фактордук анализдерди жүргүзүү;
- Кирешелүүлүгүн жана натыйжалуулугун талдоо;
- Подряддык ишканалардын чыгымдары боюнча отчетторду түзүү;
- Салыштырмалуу анализдер, сценарийлерди талдоо;
- Статистикалык отчетторду жүргүзүү;
- Контрагенттердин финансылык милдеттенмелери боюнча доо иштерине катышуу;
- Аткарылган иштердин актыларын, ведомостторду/табелдерди, эсептөөлөрдү, жыйымдарды, компенсацияларды, ордун толтурууларды текшерүү жана иштеп чыгуу;
- Ишкананын ишинин финансылык аспектилери боюнча, ошондой эле кызматтык милдеттерге кирген башка милдеттер боюнча консультация берүү жана сунуштарды берүү.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку финансылык жана экономикалык билими;
- Сертификаттардын болушу талап кылынат;
- Кызматтардын учету чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес билими жана тажрыйбасы;
- Долбоорлорду башкаруу процесстерин, сметалык расчеттор жана нормативдерди билүү жана колдонуу тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, салык жана эмгек мыйзамдарыен, экономиканын, менеджменттин, финансы жана бухгалтердик эсептин негиздерин билүү;
- Аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүү, команда куруу, стресске туруктуу, баарлашуу жана сүйлөшүү көндүмдөрү;
- Кыргыз, орус тилдерин билүү (англис тилин билүү кубатталат), MS Office пакети (Word, Excel, Teams);
- Расмий жана мамлекеттик тилдерде кат жазышуу көндүмдөрү;
- Аналитикалык жана статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн атайын программалык камсыздоону, компьютердик жабдууларды, жумушта колдонулган коммуникация жана байланыш каражаттарын билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 25-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-281
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.