ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНҮН УЛУК ГЕОЛОГУ (КУМТӨР КЕНИ)
Жарыяланган: 15 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн улук геологу (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-066
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткарат жана ээлеген кызматына байланыштуу эмгек милдеттерин аткарат.
- Геологиялык чалгындоо иштери боюнча долбоорлорду жана пландарды иштеп чыгат.
- Чалгындоо участокторунда геологиялык чалгындоо иштерине түздөн-түз жетекчилик кылат жана геологиялык чалгындоо иштеринин пландуу көрсөткүчтөрүн өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылат.
- Жер казынасын геологиялык изилдөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча методикалык жоболордун, нускамалардын жана талаптардын сакталышын камсыз кылат жана контролдойт.
- Тиешелүү оперативдүү жана статистикалык отчеттуулукту камсыздап, белгиленген тартипте айлык, кварталдык, жылдык отчетторду түзөт жана берет.
- КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактайт
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку билим (геологиялык);
- Жетекчи, улук, башкы геолог кызматтарында 5 жыл жана андан жогору иш тажрыйба;
- Кыргыз Республикасынын жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо мыйзамдары жана башка ченемдик-укуктук актыларын билүү;
- Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү принциптери, ыкмалары, эрежелери жана шарттары;
- Геологиялык чалгындоо иштери боюнча отчеттуулуктун тартиби жана эрежелери;
- Геология жана тоо-кен ишинде колдонулган Gems, Datamine, AutoCad, Leapfrog Geo сыяктуу атайын адистештирилген программалар;
- “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 25-февраль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-066.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.