«Кумтор Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош ваканттык ордун жарыялайт техникалык көзөмөл боюнча Инженер (Кумтөр кени)
Жарыяланган: 21 June 2023
Билдирүү номери: KGC-23-090
ИШ-МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын объекттеринде курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына техникалык көзөмөл жүргүзүү;
- Курулуш багытында мыйзамдык жана нормативдик документтерди, техникалык ченемдик-укуктук актыларды, долбоордук-сметалык документтерди, объекттеги курулушту уюштуруу жана жумуштарды аткаруу боюнча документтерди, сапатты контролдоо методдорун, курулуш-монтаждоо иштерин кабыл алуу жана күбөлөндүрүү эрежелерин, ошондой эле курулуштагы эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин билүү.
- Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатынын, ошондой эле колдонулуучу материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын бекитилген долбоордук-сметалык документтерге, жумушчу чиймелерге, курулуш ченемдерине жана эрежелерине, стандарттарга, техникалык шарттарга, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын ченемдерине, өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун контролдоону жүргүзүү;
- Объекттин курулушуна бекитилген сметанын чегинде подряддык уюм тарабынан аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн өз убагында текшерүү, эсепке алуу жана аларды кабыл алуу.
- Белгиленген форма боюнча актыларды тариздөө менен жашыруун иштерди күбөлөндүрүүгө жана жооптуу конструкцияларды орто аралык кабыл алууга катышууга.
- Подряддык уюм тарабынан орнотулган жабдууларды жана инженердик тармактарды жеке сыноодон өткөрүүсүн жана тесттин жыйынтыктарынын туура таризделишин көзөмөлдөө. Сыноолордон кийин жабдууларды кабыл алууга катышуу.
- Подряддык уюмдан төмөнкү документтерди алууга: иштердин жалпы журналы, атайын иштердин жана автордук көзөмөлдүн журналдары; материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды, инженердик системаларды жана жабдууларды сыноо актылары (протоколдору); сапат жөнүндө документтер (материалдарга, буюмдарга, конструкцияларга жана жабдууларга паспорттор жана сертификаттар); аткаруучу геодезиялык схемалар ж. б.
- Долбоордук-сметалык документтерди ишке ашыруу мүмкүндүгү, сапатын контролдоо жана ченемдик документтерге шайкештиги боюнча кемчиликтерди жана так эместиктерди аныктоо үчүн контроль жүргүзүү.
- Курулуш объектисин пайдаланууга берүү үчүн аткаруу документтерин комплекттөөнү жүргүзүү. Объектти пайдаланууга кабыл алууга катышуу.
- Табылган кемчиликтерди жана дал келбестиктерди жоюуга жазма буйруктарды өз убагында берүү, алардын аткарылышын контролдоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Өнөр жай жана жарандык инженерия багыты боюнча жогорку билим;
- Курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер же башка инженердик-техникалык жумуштарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- «Инженердик кызмат көрсөтүү боюнча адис» квалификациялык сертификаты;
- В категориядагы айдоочулук күбөлүктүн болушу;
- AutoCAD, MS Office программаларынын ишенимдүү колдонуучусу, ПК «РИК» жана англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Курулуш объектилерин текшерүү тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Анкета жана резюме 2023-жылдын 04-июлуна чейин, саат 16:00-дөн кечиктирбестен HR@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-23-090 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.