«Кумтор Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош ваканттык ордун жарыялайт эмгек акы эсептөө бөлүмүнүн бухгалтери (Бишкек ш. кеңсе)
Жарыяланган: 21 June 2023
Билдирүүнүн номери: KGC-23-091
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Эмгек акыны, авансты, өргүү төлөмдөрүн, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды толук башкаруу жана эсептөө;
- Компаниянын жол-жоболоруна ылайык керектүү бухгалтердик жазууларды даярдоо;
- Эмгек акы боюнча баштапкы эсептик документтердин өз убагында жана сапаттуу таризделишине көзөмөл жүргүзүү;
- Киреше салыгы боюнча отчеттуулукту жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүү ведомостторун түзүү;
- Башкаруучулук эсепке алуу максатында эмгек акы боюнча отчетторду даярдоо
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Билими: каржы-экономика жаатында жогорку билим (CAP/CIPA сертификаттарынын болушу артыкчылык болуп саналат);
- CAP сертификаттарынын болушу;
- Окшош кызматта 3 жылдан берки иш тажрыйбасы;
- Эсептешүүлөр жана чегерүүлөр тартиби боюнча салык жана эмгек мыйзамдарын мыкты билүү;
- Компьютердин ишенимдүү колдонуучусу (Excel, Power Point, Word);
- Жоопкерчилик, тактык, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү, командада иштей билүү;
- Жумушту белгиленген мөөнөттө аткара билүү, мыкты командалык жана коммуникациялык жөндөмдөр, тыкандык, стресске туруктуулук.
Анкета жана резюмени 2023-жыл 04-июлу саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-23-091
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.