Жарыяланган: 31 March 2025
ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ:: 2025-жылдын 18-апрелинде саат 12:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) Сиздерди (Катышуучуларды) төмөнкү иштерди аткаруу үчүн потенциалдуу подрядчыны ачык тандоого катышууга чакырат:
Ысык-Көл облусунун Жети-Огуз районунун Кумтор кенине чейинки технологиялык жолдун боюндагы 110 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрү (мындан ары “ЛЭП” деп аталат) иштеп жаткан була-оптикалык байланыш линиясын (мындан ары “ВОЛС” деп аталат) оңдоо жана тейлөө иштерин жүргүзүү.
* Техникалык Тапшырмага ылайык – Тиркеме №2
Сунуштардын, тиркелген документтери, тиркемелери жана баа сунуштары менен бирге келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу менен жана мөөр бекитилиши менен, документтерди PDF форматында берилиши керек.
Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.
Конкурстук сунуштарды берүүнүн тартиби
Тандап алууга катышууну каалаган ар бир адам чакырууга №1тиркемесине ылайык коммерциялык сунуштун бланкын толтурууга, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүүгө милдеттүү.
Берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн катышуучулар сунуштарын электрондук почта аркылуу 2 (эки) өзүнчө электрондук кат аркылуу бериши керек.
Сунуштардын техникалык (квалификациялык) жана финансылык бөлүктөрү өзүнчө файлдар түрүндө төмөнкү тартипте берилиши керек:
Техникалык (квалификациялык) баалоо үчүн кат төмөнкүлөрдү камтышы керек жана төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: vols2@kumtor.kg
Биринчи топтом үчүн керектүү документтер:
Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн:
Талап кылынуучу документтер:
Резидент эместер (башка өлкөлөрдүн катышуучулары) үчүн:
Биринчи топтом үчүн керектүү документтер:
Катышуучу ошондой эле ал толтурууга же Буйрутамачынын талаптарына ылайык даярдоого тийиш болгон башка документтерди тапшыры керек. Бул документтер тандоо учурунда да, жеңүүчү менен иштөөнүн алкагында аны өткөргөндөн кийин да суралышы мүмкүн.
«Финансылык сунуш Ысык-Көл облусунун Жети-Огуз районунун Кумтор кенине чейинки технологиялык жолдун боюндагы 110 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрү (мындан ары “ЛЭП” деп аталат) иштеп жаткан була-оптикалык байланыш линиясын (мындан ары “ВОЛС” деп аталат) оңдоо жана тейлөө иштерин жүргүзүү». үчүн экинчи топтомду 2025 жылдын 18-апрелине чейин vols2@kumtor.kg деген электрондук почтага жөнөтүлүшү керек.
Экинчи топтом үчүн керектүү документтер:
Ысык-Көл облусунун Жети-Огуз районунун Кумтор кенине чейинки технологиялык жолдун боюндагы 110 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрү (мындан ары “ЛЭП” деп аталат) иштеп жаткан була-оптикалык байланыш линиясын (мындан ары “ВОЛС” деп аталат) оңдоо жана тейлөө иштерин жүргүзүү.
Буйрутмачы, тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим берилгенге чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга укуктуу.
Жумуштардын наркы КГКнын объектилеринде жумуштарды аткарууга тартылган кызматкерлерди мобилизациялоого, турак жайга жана тамактанууга бардык керектүү чыгымдарды камтышы керек.
Тандоо катышуучусу тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана алынуучу башка төлөмдөрдү, ошондой эле Келишимде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн башка чыгымдарды камтышы керек.
Баалоо критерийлери: квалификациялык талаптарга, техникалык талаптарга жооп берген жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң төмөнкү бааланган наркы бар сунуш жеңүүчү деп таанылат.
Коммерциялык сунуштарды берүүнүн эң акыркы мөөнөтү: 12:00 саат, 18 апрель 2025 жылы.
Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген сунуштар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.
Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана сунуш бере алат.
Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Конкурска байланыштуу бардык суроолор adilet.turganbaev@kumtor.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.
Документтерди көчүрүп алыңыз: