«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ПРОГРАММИСТТЕРДИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ПРОГРАММИСТТЕРДИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 12 September 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов компаниянын программисттерин кесиптик майрамы – Программисттер күнү менен куттуктады!

«Урматтуу кесиптештер, компаниянын жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Программисттер күнү менен куттуктайм!

Бүгүнкү күндө, маалымат технологиялары тез өнүгүп жаткан доордо программист кесибинин ролу жана мааниси өзгөчө орунга чыкты. Үйдө, транспортто, коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде, «Кумтөр Голд Компанинин» кеңсесинде жана «Кумтөр» кенинин өзүндө – дээрлик бардык жерде биз программисттер тарабынан иштелип чыккан IT технологияларын колдонуп келебиз.

Учурда Кыргыз Республикасында санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатканын эске алуу менен биздин компания дагы иш процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча жигердүү аракеттерди жасап келет. Биздин адистер өз тармагынынын чыныгы кесипкөйлөрү жана ишканабыздын өнүгүп-өсүүсү үчүн кошуп жаткан салымын баса белгилегим келет.

Бул майрамда ар бириңиздерге узун өмүр, бакыт-таалай, бакубатчылык жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайм!»