Жарыяланган: 25 April 2025
ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 12-майында саат 10:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) Сиздерди (Катышуучуларды) төмөнкү кызматтарды көрсөтүү үчүн тандоого катышууга чакырат:
“2020–2024-жылдары кошумча жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо жана эксплуатациялык иштердин натыйжасында кендин геологиялык-өнөр жай баалоосунун өзгөрүшүнө байланыштуу Кумтор кенинин Борбордук тилкесиндеги ачык казып алуу үчүн запастардын кайра эсептөө боюнча Отчету аткаруу”.
Сиздердин сунуштарыңыздар кошо тиркелген документтер, тиркемелер жана баалык сунуштар менен бирге коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу укугуна толук ыйгарым укуктары бар адам (же адамдар) тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилиши керек. Документтер PDF форматында берилүүгө тийиш.
Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.
Тандоого катышууну каалаган бардык тараптар Чакыруунун №1, №2 жана №3 Тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш.
Катышуучулар өздөрүнүн Өтүнмөлөрүн конкурска катышуу үчүн эки бөлүктөн турган пакет түрүндө электрондук почта аркылуу, бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт. Ар бир каттын көлөмү 25 mb ашпоого тийиш.
Конкурстук сунуштарды берүүнүн тартиби
Тандап алууга катышууну каалаган конкурстун мүмкүн болуучу катышуучулары №1-тиркемесине (Техникалык Тапшырма) ылайык коммерциялык сунуш киргизип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө милдеттүү.
Берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн катышуучулар сунуштарын электрондук почта аркылуу 2 (эки) өзүнчө электрондук кат аркылуу жөнөтүүгө милдеттүү.
Биринчи пакет үчүн электрондук каттын темасы төмөндөгүдөй болушу керек: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»; экинчи пакет үчүн — «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]». Каттар төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: recalculation2025@kumtor.kg
Конкурстук өтүнмөнү тапшыруунун тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте тапшырышат, мында эки пакет тең бир убакта жөнөтүлүшү керек:
1. Биринчи этап – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка уруксат берилген катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи этапка төмөнкү учурларда катышууга жол берилбейт:
2. Экинчи этап – Конкурстук өтүнмөнү баалоо
2.1. Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн гана катышуучулар катыша алышат.
2.2. Катышуучунун баалык сунушу Чакыруунун №3 тиркемесиндеги формага так ылайык толтурулушу керек.
2.3. Жеңүүчү катары болуп эң жакшы баа жана шарттардын айкалышын сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык конкурстук өтүнмө берген катышуучу болуп эсептелет.
Келишимдин аткарылышын камсыз кылуу кепилдигинин көлөмү жана формасы (мындан ары – КАКК)
Конкурстук өтүнмөлөрдү берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 12-майы, саат 10:00гө чейин.
Эгерде ушул Чакыруу боюнча суроолор жаралса, катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн Сатып алуучунун төмөнкү электрондук дарегине кайрыла алат: Altynai.keldikeeva@kumtor.kg. Суроо акыркы конкурстук өтүнмөлөрдү тапшыруу мөөнөтүнө чейин кечиктирбестен 3 (үч) иш күнүнө чейин жөнөтүлүшү керек. Түшүндүрмөлөр сураган жеткирүүчүгө сураныч түшкөн электрондук дарекке, сураныч алынган учурдан тартып кечиктирбестен 3 (үч) календардык күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Сатып алуучу бул Чакырууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, бирок бул өзгөртүүлөр конкурстук өтүнмөлөрдү тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө чейин кечиктирбестен 3 (үч) иш күнүндө кабыл алынышы керек.
Эгерде Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Сатып алуучу конкурстук өтүнмөлөрдү тапшыруунун акыркы мөөнөтүн кийинки датага жылдыра алат. Бул тууралуу сатып алуучу конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган расмий сайтына (https://www.kumtor.kg/ru/) тиешелүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен маалымдайт.
Сатып алуучу сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Конкурстун жүрүшүн токтотууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу. Бул учурда катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Документтерди көчүрүп алыңыз: