Жарыяланган: 15 January 2025
Айрым соцтармактарда жана Telegram каналдарында «Кумтөр Голд Компанинин» жаңы жетекчиси Бузурман Субанов «геолог эмес, прокуратуранын мурдагы кызматкери» деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Жакында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти болуп шайланган Бузурман Субанов тоо-кен адистиги боюнча жогорку билимге ээ. 2000-жылы академик Ү.А.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтун «Тоо-кен машиналары жана жабдуулары» адистиги боюнча артыкчылык диплом менен бүтүрүп, «Тоо-кен энергетика инженери» квалификациясын алган.
Кийинчерээк 2020-жылы университетке айландырылган ошол эле окуу жайдын «Тоо-кен адиси» жана «Тоо-кен инженери» квалификациясы боюнча билимин уланткан.
2010-жылы квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өтүп, «Тоо-кен жана жардыруу жумуштарында жетекчилик кылуу укугун» жана «Ардактуу тоо-кенчи» ардак наамын алган.
Бузурман Субанов институтту аяктагандан кийин Каракол шаарындагы «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун филиалы болгон Шахталык-өтмөк башкармалыгында слесарь-электромонтаждоочу адистиги менен эмгек жолун баштаган.
«Кумтөр Голд Компанинин» президенти болуп шайланганга чейин Бузурман Субанов көп жылдар бою тоо-кен тармагында ар кандай кызматтарда, анын ичинде «Макмал» кен жайынын жетекчиси, «Макмалалтын» комбинатынын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн (ПТО) башчысы, «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын генералдык директорунун биринчи орун басары, «Алтынкен» компаниясынын генералдык директорунун биринчи орун басары, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары сыяктуу жетекчилик кызматтарда иштеген.
«Тоо-кен тармагына эч кандай тиешеси жок, күч түзүмдөрүнөн келген» деген маалымат ойдон чыгарылган жана эч кандай чындыкка дал келбейт. Бузурман Субановдун прокуратурага, дегеле өлкөнүн укук коргоо органдарына эч кандай тиешеси жок.
Муну эске алып, биз жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнөн чындыкка дал келбеген, текшерилбеген маалыматтарды таратпоону суранабыз.