БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛОО МТ техникалык коштоо жана коммуникациялар бөлүмүнүн адиси (Кумтөр кен ишканасы)
Жарыяланган: 20 July 2023
КЫЗМАТ ОРДУ: МТ техникалык коштоо жана коммуникациялар бөлүмүнүн адиси (Кумтөр кен ишканасы)
БӨЛҮМ: Маалымат технологиялары
ИШТЕГЕН ЖЕРИ: Кумтөр кен ишканасы
ИШ ТАРТИБИ: 14/14
БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ: KGC – 23–118
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Тармак түзүлүштөрүн жайгаштыруу, конфигурациялоо жана иштетүү (модемдер, коммутаторлор, роутерлер, файерволдор, VPN, радиорепиторлор);
- Зымдуу жана зымсыз тармактардагы үзгүлтүктөрдү азайтуу, алардын жеткиликтүүлүгүн жана камтуу аймактарын жакшыртуу;
- Көчмө жана стационардык радиостанцияларды тейлөө;
- Радиорепитерлерди тейлөө;
- IPTV аппараттарды тейлөө;
- Байланыш каражаттарын жана IT жабдууларды инвентаризациялоо;
- Байланыш үзүлгөндө тутумдардын иштешин калыбына келтирүү жумуштарына катышуу;
- Кемчиликтерди өз убагында аныктоо максатында зымдуу жана зымсыз системалардын элементтерин текшерүү жана көзөмөлдөө;
- Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун эксплуатациялоо;
- Колдонуучулардын өтүнмөлөрүн каттоо жана IT тутумундагы көйгөйлөрдү чечүү;
- Телефон тутумун тейлөө (телефондорду орнотуу, IP телефония тутумундагы орнотууларды өзгөртүү);
- КГКда IT активдерди каттоо жана эсепке алуу;
- Телекоммуникация жана IT тутумдары боюнча колдонуучуларга кеңеш берүү;
- КГКда IT билим базаларын түзүү.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Билими: маалыматтык технологиялар адистиги боюнча жогорку техникалык билим
- Иш тажрыйбасы:
- маалыматтык системалар жаатында 2 жылдан кем эмес (артыкчылыгы: тоо-кен компанияларында));
- LAN жана WAN тармактарын түзүүдө;
- ВОБЛ (Волокондук-оптикалык байланыш линиясы) тармактарын тейлөөдө;
- зымсыз тармактарды орнотууда жана тейлөөдө;
- IP телефон тармагын тейлөөдө.
- Атайын көндүмдөр жана билимдер:
- Муфталарда оптикалык булаларды жана ВОБЛдагы (Волокондук-оптикалык байланыш линиясындагы) оптикалык таратуу жабдууларын (ODF) ширетүү;
- Жез жана ВОБЛ (Волокондук-оптикалык байланыш линия) тармактарында өлчөө шаймандарын колдонуу;
- ISO/IEC 11801 тандартын билуу;
- Жеңил автоунааны айдоо;
- жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
- Тилдерди билүү:
- Орусча-эркин;
- Кыргызча — кубатталат.
Анкета жана резюмени 2023-жыл 03-августу саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-23–118.
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.