БИЗ «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ»!

БИЗ «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ»!

Жарыяланган: 16 August 2024

КУМТӨРДҮН ВАЗЫЙПАСЫ: Улуттук экономиканын туруктуу өсүшү үчүн пайдалуу кен-байлыктарды казып алууда жана кайра иштетүүдө инновациялык технологияларды жаратуу жана киргизүү.

КУМТӨРДҮН КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТЫ: Адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык прогрессти колдоо боюнча билим берүү жана социалдык демилгелер аркылуу экологиялык жактан таза пайдалуу кен-байлыктарды казып алууда лидер болуу.

БААЛУУЛУКТАР:
1. Кызматкерлер үчүн коопсуздук жана кам көрүү: Биз ар бир кызматкерди баалайбыз, социалдык программаларды жана демилгелерди колдоо аркылуу коопсуз эмгек шарттарын камсыздайбыз.
2. Экологиялык туруктуулук: Айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу жана жаратылыш ресурстарын сактоо үчүн, тоо-кен казып алуунун заманбап технологияларын жана стандарттарын колдонобуз.
3. Кесипкөйлүк жана окутуу: Биз кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлине умтулабыз жана кызматкерлерибиздин көндүмдөрүн жана билимдерин тынымсыз өнүктүрөбүз.
4. Командада иштөө жана өз ара урматтоо: Биз өз ара урматтоону баалайбыз жана коллективдеги достук, ачык чөйрөнү колдойбуз, бул натыйжалуу командалык иштөөгө өбөлгө тузөт.
5. Социалдык жоопкерчилик: Биз иштеп жаткан жерде социалдык долбоорлорго активдүү катышуу менен жергилитүү жамааттарды жана аймактарды колдойбуз.
6. Инновация жана өнүгүү: Биз өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана компанияны өнүктүрүү үчүн дайыма жаңы технологияларды жана инновациялык ыкмаларды киргизебиз.