“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАЛПЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАЛПЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

Жарыяланган: 23 September 2024

Ардактуу мекендештер, бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен баарыңыздарды чын дилибизден куттуктайбыз.

Эгемендигибиздин эң башкы белгилери болгон, улутубуздун улуулугун даңазалаган, кылымдарды карыткан кыргыз тилибиз мамлекеттик макам алганына бүгүн туура 35 жыл болду.

Ааламдык атагы бар айтылуу Чыңгыз Айтматов  айтмакчы “Тил — ар бир элдин каны, жаны, улуттун автопортрети”. Демек, кыргыз барда кыргыз тили дагы түбөлүк жашай берет.

Акыркы жылдары кыргыз тилинин кадырын арттыруу, жалпы элге жайылтуу боюнча мамлекет тарабынан орчундуу иштер жасалууда. Бул улуу иште ар бирибиз кол кабыш кылып, бардык жерде кыргыз тилинде сүйлөгөнгө, тилибизди өнүктүрүп, өстүргөнгө аракет кылалы.

Мындан ары кыргыз тили 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүндө эле эстелбей, эне тилибиз ар бир кыргызстандыктын көкүрөгүндө, жүрөгүндө ар дайым бекем сакталышы керек.

Мамлекеттик тил күнүбүз куттуу болсун! Кыргыз тили миңдеген жылдар бою жаңырып, жер жүзүнө жайылсын!