ВИДЕО — КУМТӨР КЕНИНДЕ АК ЛОТОС ГҮЛҮН АЧТЫ

ВИДЕО — КУМТӨР КЕНИНДЕ АК ЛОТОС ГҮЛҮН АЧТЫ

Жарыяланган: 15 August 2024

Кумтөрдө бийик тоолуу аймактарда өскөн, Кызыл китепке кирген укмуштуудай кооз — ак лотос гүлүн ачты.

Сейрек кездешүүчү бул гүлдүн өсүү аймагы чектелүү болгондуктан, жапайы жаратылышта табуу өтө кыйын.

Азия элдеринде лотос гүлү – жаңылануунун, жакшылыктын ыйык символу катары өзгөчө аздектелип келет.

Дагы бир жакшы жышаан катары, жакында эле Кумтөрдөгү көлмөлөрдүн бирине ак куулардын кайтып келишин айтсак болот.

Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жана канаттуулардын Кумтөр кен жайында кайрадан пайда болушу – өндүрүштө экологиялык талаптар жогорку деңгээлде сакталып жаткандыгынын далили боло алат.