Жарыяланган: 25 July 2020
«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө ыктыярдуу жардамдарды чогултууну улантууда. Бул жолу чогулган каражаттардын бөлүгү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы райондук оорукана үчүн эки муздаткыч жана жеке коргонуу каражаттарынын топтомун сатып алууга багытталды. Жалпысынан 2 муздаткыч, 90 даана коргоочу комбинезон жана 50 даана коргоочу экран-калкан өткөрүлүп берилди.
Мындан мурда Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлеринин ыктыярдуу жардамдарынын эки траншы КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине COVID19 менен күрөшүү боюнча КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн которулганын белгилей кетмекчибиз.
Андан тышкары, Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчерлери Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына 350 000 сом каражат топтоп, ага дарыларды, антисептиктерди, жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК), ошондой эле эки кычкылтек концентраторун сатып берүү менен жардам көрсөтүштү.
Каражат чогултуу уланууда.