ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 17 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ООР ТЕХНИКАНЫ, ЖҮК МЕНЕН ПАССАЖИРДИК ТРАНСПОРТТУ ЖАНА ЖЕНИЛ УНААЛАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Автомобильдер жана авточарбасы”, “Автомобильди тейлөө”, “Тоо-кен машиналары жана жабдуулары”, “Курулуш жана жол механизмдери” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Пландык техникалык тейлөө графигинин түзүлүшү менен таанышуу.
- Пландык маалыматтардын маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана сактоо, сурап-билүү жана ченемдик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү менен таанышуу.
- Негизги бизнес системада жумуш наряддардын түзүлүшүн көрүү, жумуш наряддардын өз убагында жабылуусун көзөмөлдөө менен таанышуу.
- Мастердин, улук слесардын жана устаттын жетекчилиги астында слесардык ишке үйрөнүү.
- Запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды сатып алуу боюнча реквизициялардын түзүлүшү менен таанышуу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 2 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
- Анкетаны жана документтерди 2021-ж 23-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.