ПЕРСОНАЛДЫ ОКУТУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 16 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 24.04.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында ПЕРСОНАЛДЫ ОКУТУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Аяктаган жогорку билим: Талапкердин жогорку билими жөнүндө диплом болушу керек;
- ПК жана оргтехниканы ишенимдүү колдонуучу: Компьютер жана оргтехника менен иштөө көндүмдөрү;
- Мамлекеттик жана расмий тилди билүү: Жумуш аткарууга керектүү тилдерди билүү;
- Аналитикалык көндүмдөр: Маалыматты талдоо жана жыйынтык чыгара билүү;
- Натыйжалуулук жана тартип;
- Көп тапшырманы аткаруу жана жоопкерчиликтүүлүк көндүмдөрү: тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу жана убакытты башкаруу жөндөмдүүлүгү;
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу: Проактивдүү мамиле жана өнүгүүгө умтулуу.
Милдеттери:
- Кызматкерлерди ички окууга каттоо: Кызматкерлерди жана подрядчыларды окутууну уюштуруу жана координациялоо;
- Бөлүмдүн маалымат базасын жүргүзүү: Маалыматтар базасындагы маалыматты башкаруу жана жаңылоо;
- Бөлүмдүн отчетторун жана документтерин даярдоого көмөк көрсөтүү: Керектүү документтерди жана отчетторду даярдоого колдоо көрсөтүү;
- Компаниянын эрежелерин сактоо: Компаниянын ички саясатын жана эрежелерин сактоо;
- Окуу процессине ак ниеттүү мамиле кылуу: Окуу процессине активдүү катышуу жана жоопкерчилик;
- Жетекчинин/насаатчынын буйрутмаларын аткаруу: Жетекчиликтен алынган тапшырмаларды жана буйрутмаларды аткаруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 24-апрели, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.