ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 15 September 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Кен ишканасынын персоналды башкаруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку билим алгандыгы тууралуу диплом (ар кандай багыттагы), иш стажы жок;
- Заманбап программалык-техникалык каражаттарды жана оргтехниканы мыкты билүү;
- Коммуникациянын мыкты көндүмдөрүн билүү;
- Демилге жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Тилдерди билүүсү: кыргыз тили, орус тили, англис тили (базалык).
Милдеттери:
- Кадрдык башкаруу функцияларын аткаруу;
- Талапкерлердин медициналык кароого, тиешелүү тренингдерге байланыштуу бардык процедуралардан өтүү процесстерин көзөмөлдөө;
- Окуп үйрөнүүгө ак ниеттүүлүк менен мамиле кылуу;
- Жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу;
- Ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо (Компаниянын жоболорун);
- Жетекчинин кызматына тиешелүү тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
- Купуя маалыматты жайылтпоо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылы 28-август саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.