ЭЛЕКТРОНДУК КООПСУЗДУК СИСТЕМАЛАРЫНЫН ТЕХНИК-ОПЕРАТОРУ (КУМТӨР КЕНИ)
Жарыяланган: 28 November 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Электрондук коопсуздук системаларынын техник-оператору (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-264
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Видеобайкоо тутумдарын, коргоо сигнализациясын, кирүүнү көзөмөлдөө жана башкаруу системасын колдонуу жана тейлөө;
- Коопсуздук системаларынын маалымат базасын башкаруу;
- Чип ачкычтарын жана ID карталарын чыгаруу;
- Кендин жана компаниянын башка объектилеринин инженердик-техникалык коопсуздук системаларын долбоорлоого, орнотууга жана оңдоого катышуу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- IT, ССК, электроника же чектеш адистиктер боюнча жогорку же орто атайын билим;
- Аткаргычтык, баарлаша билүү, окууга жөндөмдүүлүк, тартиптүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк
- Системалык администратордун негизги деңгээлинде компьютердик системаларды жана байланыш тармактарын билүү;
- Коопсуздук системасынын техникалык каражаттары жана объектилерди коргоо тармагындагы билим жана тажрыйба;
- Ден соолугу чың, бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даяр, физикалык даярдыгы жакшы болуу;
- Техникалык котормо деңгээлинде орус жана англис тилдерин билүү;
- Адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Укук коргоо органдарында жана жеке күзөт компанияларында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 10-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-264.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.