ООР ТЕХНИКАНЫ ТЕЙЛӨӨ БӨЛҮМҮ ҮЧҮН МАЙЛООЧУ МАЙЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 03 March 2025
БИЛДИРҮҮЛӨРДҮН АКЫРКЫ КАБЫЛ АЛУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 17-марты, саат 11:00.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК («КГК») сизди техникалык талаптарга ылайык оор техниканы тейлөө бөлүмү үчүн майлоочу майларды жеткирүү боюнча ачык тандоого катышууга чакырат.
Коммерциялык сунуштарды берүүгө коюлган негизги талаптар:
- Коммерциялык сунушту ыйгарым укуктуу адам кол коюп, мөр менен бекитиши керек.
- Документтер PDF форматында берилүүсү керек.
- Кол коюучу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документтер менен тастыкталууга тийиш.
- Сунуштар электрондук почта аркылуу oil-tott2025@kumtor.kg дарегине жөнөтүлүшү керек. Бир каттын өлчөмү 25MB ашпоого тийиш экендигин эске алыңыз.
Коммерциялык сунуш пакетине керектүү документтер:
Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн:
- Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздар жок экендигин тастыктаган документтердин скан-копиялары (ГНС, Соц. Фонд).
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн же кайра каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтин скан-копиясы.
- Уставдын скан-копиясы.
- Актуалдуу сертификаттын (декларациянын) скан-копиясы.
- Документтерди кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын ишеним катын же башка ишенимдүү документин скан-копиясы.
- 2023-жылдагы жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата бухгалтердик баланстын скан-копиясы, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, ошондой эле ЕНД.
- Салык жана төлөмдөр боюнча карыздар жок экендигин тастыктаган маалымкат.
Резиденттер эмес (өзгөчө өлкөлөрдүн катышуучулары) үчүн:
- Катышууга кызыгуусун тастыктаган кат.
- Техникалык тапшырмага ылайык коммерциялык сунуш.
- Компания жөнүндө толук маалымат.
- Сатып алуу процессине катышуучунун каттоо жана негиздөөчү документтеринин скан-копиялары.
Маанилүү маалымат:
• Сунушта көрсөтүлгөн товарлардын баасы бардык чыгымдарды, анын ичинде жеткирүү (DAP Балыкчы), салыктарды, бажы төлөмдөрүн, төлөмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка төлөмдөрдү камтышы керек.
• Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.
• Берилген мөөнөттөн кийин берилген коммерциялык сунуштар жана толук эмес сунуштар каралбайт.
• Мөөнөтү өтүп кеткенден кийин сунуштарга өзгөртүүлөр киргизилбейт.
• Өндүрүүчү заводторго артыкчылык берилет.
Бул тендер боюнча бардык суроолорду төмөнкү электрондук почта даректери аркылуу жиберүүгө болот: Abdysamat.Bakytov@kumtor.kg же Baytik.Dosoev@kumtor.kg
Кошумча:
- Техникалык тапшырма (КОШУМЧА 1)