МАЙДЫ АНАЛИЗДӨӨ ИНЖЕНЕРИ
Жарыяланган: 13 April 2022
Жабык
“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Майды анализдөө инженери (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-116
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Аныкталган майлоо иш-аракеттердин программаларын колдонот жана ишке ашырат, текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнө, тактап айтканда, майлоочу майдын керектөөнүн кыскарышына байкоо жүргүзөт;
- Колдонулган майлардын анализинин натыйжалары боюнча майлоочу майлардын абалынын негизинде тейлөө боюнча сунуштарды берет.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- “Инженер-механик” же “химия инженериясы” адистиги боюнча жогорку техникалык билим;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Технологиялык жабдуулардын техникалык тейлөөсү боюнча мыкты көндүмдөрү;
- «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- “Microsoft Office” программаларынын ишенимдүү колдонуучусу;
- Бийик тоолуу аймактарда ишке жарамдуу болуу;
Анкета жана резюмени 2022-жыл 27-апрель саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-116.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.