Жарыяланган: 22 December 2021
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) 2021-жыл ичиндеги ишинин алгачкы натыйжаларын алдын ала жыйынтыктай баштады.
2021-жылдын 11 ай ичинде Кумтөр кениндеги тоо-кен иштеринин көлөмү 185,6 миллион тоннаны түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.
КГКга убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден баштап муз массаларын казуу 2020-жылга салыштырмалуу 60% кыскарган. Төмөндө 2012-2021-жылдар аралыгында Кумтөр кенинде муз казып алуунун көлөмүнүн графиги келтирилген.
Кендеги бардык тоо-кен иштери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт. Бош топурак отвалдарында тоо-кен иштеринин коопсуздугун жогорулатуу максатында, Борбордук жана Кичи-Сарытөр өрөөндөрүндө жайгашкан отвалдарын үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү үчүн кошумча эки радарларды сатып алуу чечими кабыл алынган.
Дүйнөлүк практикага ылайык өндүрүштүк-финансылык ишмердиктин жыйынтыктары жөнүндө толук жана жаңыланган маалымат 2022-жылдын башында пресс-релизде жарыяланат.