«MINEX CENTRAL ASIA 2024» ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА ЖОЛУГУШУУЛАР, ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАР ЖАНА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ӨТТҮ

«MINEX CENTRAL ASIA 2024» ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА ЖОЛУГУШУУЛАР, ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАР ЖАНА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ӨТТҮ

Жарыяланган: 22 June 2024

22-июнда Кумтөр кен жайында эл аралык форумунун катышуучулары менен жолугушуу өттү. Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тоо-кен тармагында пикир алмашуу үчүн маанилүү кадам болду.

Кумтөр кени «MINEX Central Asia 2024» форумунун алкагында ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн кабыл алды. Коноктордун арасында тоо-кен тармагынын алдыңкы компаниялар болду, алар: Weir Company, Draslovka holding ” компаниясын, CMT Consulting Kazakhstan, Promprivod, Goliath Advisory, MMD Mineral Sizing, SRK Consulting, SRK Consulting, GRK Bystrinskoye, Alpha-Safety, SAEL, DBT, Advantix, Gorny Forum, ALS Kazakhstan, APS Resources, Kintsai Tianshan.

Сапардын алкагында форумдун катышуучулары Кумтөр кенинде технологиялар жана инфротүзүмү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жетекчилиги учурдагы жана келечектеги долбоорлорун, ошондой эле алтын казып алуу процессинде, ишкананын экологиясында жана коопсуз ишинде колдонулуучу негизги технологиялык чечимдерди чагылдырган кеңири презентация менен тааныштырышты.

Жолугушуунун программасына кен жайдагы ар кандай объектилери, анын ичинде борбордук карьер, тоо-кен техникасын оңдоо боюнча устакана жана алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыгышты. Катышуучулар ишкананын натыйжалуу ишин камсыз кылуучу процесстер менен жакындан көрө алышты.

Өзгөчө көңүл компаниянын жетекчилиги менен жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө бурулду. Жолугушуу стратегиялык багыттардагы пикир алмашуулар, ошондой эле кызматташуу жана инновациялык демилгелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп калды.

Форумдун катышуучулары ишкананын ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти. Деңиз деңгээлинен 4000 метрден ашык бийиктиктеги жолугушуу жемиштүү өтүп, тоо-кен тармагындагы Кыргызстандын алдынкы компаниясы заманбап ыкмаларга, экология менен коопсуздукка чоң маани берип жатканына коноктор баса белгилешти.