КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨЧҮ ПРИБОРЛОР ЖАНА АППАРАТТАР БОЮНЧА СЛЕСАРЬ
Жарыяланган: 01 September 2022
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Контролдук-өлчөөчү приборлор жана аппараттар боюнча слесарь
Билдирүүнүн номери: KGC-22-238
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- АЫФтын жабдууларын жана автоматика системасын техникалык тейлөө жана оӊдоо;
- Жабдуулардын жана участкалардын пландык инспекцияларын өткөрүү;
- Үзгүлтүксүз өндүрүштү жана жабдуулардын ишке жарамдуулугун камсыздоо;
- Инспекция жана техникалык тейлөө натыйжалары боюнча формаларды жана отчетторду толтуруу;
- Пландык-алдын ала оӊдоо иштерин жана жабдуулардые инспекциясын белгиленген иш графигине ылайык жүргүзүү;
- Жабдуулардын мөөнөтүнөн мурун бузулуу себептерин аныктоо, аларды алдын алуу жана болтурбоо максатында чараларды көрүү;
- Татаал электрондук схемалары бар автоматика блокторду, автоматтык жана электрондук аппараттарды, радиоактивдүү шаймандарды оӊдоо, жөндөө, монтаждоо, сыноо, жөнгө келтирүү.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Электроника жана микроэлектроника, Электр станциялары, Электротехника багыттары боюнча жогорку техникалык/атайын орто билим;
- ПК менен иштей билүү, MS Office программаларын билүү;
- Англис тилин билүү;
- «B» категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу, аткаргычтык жана тартиптүүлүк, тыкан болуу, командада иштей билүү;
- Бийик тоолуу шарттарда жумушка жарамдуу мыкты физикалык формада болуу.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 14-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-238
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.