МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУ ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 28 March 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 07.04.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматтарды сатып алуу тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Аяктаган жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз)
- MS Office программасын, анын ичинде Excel программасын ишенимдүү колдонуу
- Ишкердик кат алышуу жөндөмү, жазуу жана оозеки баарлашуу
- Төмөнкү тилдердин бирин билүү: англис, кытай, түрк
- Сатып алуулардын стандарттарын жана жол-жоболорун билүү артыкчылык болуп саналат
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана дыкаттуулук
Милдеттери:
- Корпоративдик программаларга жана системаларга жеткирүүчүлөр жана сатып алуу заказдары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана жаңылоо;
- Товарларды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоого катышу;
- Компаниянын керектөөлөрүнө ылайык материалдарды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоо, тариздөө жана жөнөтүү;
- Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана баасын тактоо;
- Сунуштарга суроо-талаптарды даярдоо жана жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын талдоо:
- Коммерциялык сунуштарга суроо-талаптарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Келишимдин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
- Жеткирүүчүлөр менен келишим түзүү процессинде колдоо көрсөтүү;
- Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 7-апрелинде, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.