МАЙДАЛООЧУ АГРЕГАТТЫН МАШИНИСТИ
Жарыяланган: 12 August 2022
Жабык
«Кумтөр Голд Компани»
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Майдалоочу агрегаттын машинисти
Билдирүүнүн номери: KGC-22-214
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу жана ээлеген кызматына байланыштуу эмгек операцияларын аткаруу;
- Карьерде жардыруу иштерин жүргүзүү, жарылуучу скважиналарга жардыруучу заттарды дүрмөттөөчү техниканын жардамы менен механикалык дүрмөттөө, жардыруудан кийин жарылуу болгон жерди кароо;
- Скважиналарды жардыргычтар жана жер иштери үчүн дүрмөттөө үчүн породаларды фракциялары боюнча сорттоо;
- Сменанын башында бургулоо-жардыруу бөлүмүнүн смена башчысынан жумуш нарядын алуу, ошондой эле коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өтүү;
- КС 160-2 талкалоочу түзүлүштү иштетүү эрежелерин сактоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- КР ЭТКМИге караштуу Тармактар аралык окуу борборунун сертификаты;
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген «Жардыргычтын бирдиктүү китепчеси»;
- «Кен жайларды иштетүүнүн бирдиктүү коопсуздук эрежелерин» билүү;
- Талкалоочу-сорттоочу цехтин ишинин негизги принциптерин жана техникалык мүнөздөмөлөрүн билүү;
- Бийик тоонун шартында иштөөгө ылайыктуу болуу;
- Жашы 20 жаштан кем эмес;
- В, С категориясындагы айдоочулук күбөлүк жана КГКда 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Жеке сапаттар: баарлашуу, стресске туруктуу болуу, командада иштей билүү, жоопкерчиликтүүлүк, компьютердик программаларда иштей билүүсү кубатталат.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 18-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-214.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.