МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 23 December 2024
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.01.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалымат технологиялары бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар адистиги боюнча жогорку техникалык билим (2020-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз
- Windows операциялык системасын жана Microsoft программаларын билүү;
- Локалдык тармактардын (LAN) жана Интернеттин (IP, DNS, DHCP) иштөөсүнүн негизги принциптерин түшүнүү;
- Жергиликтүү тармактарды жана тармактык байланыштарды (Wi-Fi, Ethernet) уюштуруу боюнча негизги билим;
- Компьютердин жана перифериялык жабдуулардын түзүмү (мониторлор, принтерлер, сканерлер) жөнүндө негизги билим;
- Маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар боюнча сертификаттарга ээ болуу же курстарды бүтүрүү артыкчылык болот;
- Коммуникабелдүүлүк, командада иштей билүү;
- Көйгөйлөрду чечүү жана маалыматты өз алдынча издөө жөндөмдүүлүгү;
- Эмоционалдык туруктуулук, жана татаал жана күтүлбөгөн кырдаалдарда тез багыт алуу жөндөмдүүлүгү;
- Техникалык документтер менен иштей билүү жана түшүнүү.
Милдеттери:
- Офистик программалык камсыздоодогу, прикладдык программалык камсыздоодогу каталарды жоюу боюнча суроо-талаптарды каттоо жана эсепке алууну жүргүзүүгө, КГКнын персоналдык компьютерлериндеги жана ноутбуктарындагы бузулууларды оңдоого көмөк көрсөтүү;
- Колдонуучулардын жеке түзмөктөрүндө программалык камсыздоону орнотуу жана конфигурациялоо;
- Көйгөйлөрдү каттоо жана эсепке алуу, маалыматтарды киргизүү жана билим базасын жаңылоо;
- IT активдерин инвентаризациялоого жана эсепке алууга жардам берүү;
- Телекоммуникация жана МT системалары боюнча колдонуучуларга кеңеш берүү;
- Телефондук системаны тейлөө (телефондорду орнотуу, IP телефония системасындагы орнотууларды өзгөртүү);
- IPTV түзүлүштөрүн техникалык тейлөө;
- Жабдууларды (модемдер, коммутаторлор, роутерлор, брандмауэрлер, VPN, радиоретрансляторлор) жайылтууга, конфигурациялоого жана эксплуатациялоого катышуу;
- Компьютердик техниканы жана оргтехниканы даярдоо жана ишке киргизүү;
- Тармактык жабдуулар (модемдер, коммутаторлор, роутерлер, брандмауэрлер, VPN, радио жабдуулары) жана IP телефония жабдуулары (роутерлер, CUCM, GSM шлюздары, IP/WI-FI/GSM телефондору) иштен чыккан жана бузулган учурда системанын иштешин калыбына келтирүүгө катышуу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Такшалма графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 9-январы, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.