КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ КУТ БОЛСУН!

КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ КУТ БОЛСУН!

Жарыяланган: 16 June 2024


Урматтуу мекендештер,
«Кумтөр Голд Компанинин» жамаатынын атынан жалпыңыздарды ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Курман айт – баарыбызды ынтымакка, биримдикке, сабырдуулукка жана боорукерликке үндөгөн өзгөчө майрам. Бүгүн соопчулук иштерди жасап, ата-бабаларыбызды эскерип, келечекке жакшы ниет кылуучу күн.Жараткан ар бирибиздин жасаган соопчулук иштерибизди кабыл кылып, жүрөктөрүбүзгө бекем ыйман берсин.
Ойлогон ой-максат, аруу тилектериңер орундалып, ишиңерди ийгиликтер коштосун! Эмгегиңер коопсуз жана үзүрлүү болсун.
Бул күн ар бир үйгө бакыт, ынтымак жана ырыскы алып келип, өлкөбүзгө тынчтык, биримдик жана бакубатчылык алып келсин! Курман айт майрамы кут болсун!