«КУМТОР» КЕНИНИН ТУРАК ЖАЙ ЛАГЕРИ ҮЧҮН СУУ ЖЫЛЫТКЫЧТАРДЫ, БОЙЛЕРДИ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА

«КУМТОР» КЕНИНИН ТУРАК ЖАЙ ЛАГЕРИ ҮЧҮН СУУ ЖЫЛЫТКЫЧТАРДЫ, БОЙЛЕРДИ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 05 March 2025

ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 17-март 2025-жылы, саат 14:00.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтор Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) Сиздерди «Кумтор Голд Компани» ЖАКсынын кызматкерлери үчүн суу жылыткычтарды, бойлерди потенциалдуу берүүчүнү ачык тандоого катышууга жана төмөнкү лоттор боюнча коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат:

  1. Лот 1 – Суу жылыткычтар.

Сиздин сунуштар тиркелген документтер менен, тиркемелер, жана баа сунуштары менен бирге келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу менен жана мөөр бекитилиши менен, документтерди PDF форматында берилиши керек.

Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.

Конкурстук сунуштарды берүүнүн тартиби

Тандап алууга катышууну каалаган ар бир адам чакырууга 1-тиркемесине ылайык коммерциялык сунуштун бланкын толтурууга, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүүгө милдеттүү.

Берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн катышуучулар сунуштарын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө жөнөтүшөт, алардын өлчөмү 25Мб ашпашы керек.

Анын темасы “ [Компаниянын аталышы] дареги боюнча Кумтор кениндеги турак жай лагерине өнөр жай жабдууларын жеткирүү боюнча коммерциялык сунуш” деп жазылып, төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: vodonagrevatel@kumtor.kg

Коммерциялык сунуш топтому үчүн керектүү документтер:

  1. Салык боюнча карыздардын жоктугу тууралуу жана камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерлерген көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
  2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  3. Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  4. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жарактуу сертификаттын (декларациянын) сканерленген көчүрмөсү;
  5. Ишеним кат же адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугун тастыктаган башка документ;
  6. Акыркы 2023 жана 2024-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бардык тиркемелери (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдын өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет, акча каражаттарынын агымдары жөнүндө отчет) баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү же БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
  7. Техникалык мүнөздөмөлөр жана техникалык мүнөздөмөлөр боюнча коштоочу документтер;
  8. Белгилүү бир лоттун продукцияга тиешелүү Техникалык тапшырмага ылайык прейскурант. Баа сунуштары ар бир лотко Word форматында тиркелет.
  • Коммерциялык сунушту №1 Тиркемесине (таблица) ылайык берүү керек.

Буйрутмачы, тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим берилгенге чейин ачык тандоо процессин жокко чыгарууга ошондой эле каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга укуктуу.

Тандоо катышуучусу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркына бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдар кириши керек.

Баалоо критерийлери: квалификациялык талаптарга, техникалык талаптарга жооп берген жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң төмөнкү баада болгон сунуш жеңүүчү деп таанылат.

Ар бир ЛОТ бөлүнүүчү болуп саналат.

Сиздин коммерциялык сунуштарды берүүнүн эң акыркы мөөнөтү: 14:00 саат, 17 март-2025 жылы.

Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген сунуштар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана сунуш бере алат.

Тендердик табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тендер боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу adina.azykova@kumtor.kg  дарегине «Күмтор» кени үчүн өнөр жайлык суу жылыткычтарды, бойлерди берүү» темасы менен жөнөтүлүшү керек.

 

Кошумча:

  1. БАА СУНУШУ
  2. ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА