Жарыяланган: 27 January 2025
“Кумтөр Голд Компани” үчүн экологиялык коопсуздук маселеси эң артыкчылыктуу багыттардын бири. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда жана анын алкагында жакында эле «Кумтөр» кен жайына таштанды жана калдыктарды күйгүзүп, жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду.
«БРЕНЕР 350У» үлгүсүндөгү бул инсениратор күнүнө 3 тоннага чейин калдыкты толугу менен жок кылууга ылайыкталган. Ошону менен бирге инновациялык технологиялар колдонулган бул жабдыктан абага бир дагы булганыч заттар, жада калса түтүнү да чыгарылбайт.
Негизги температура 1200 градуска чейин жетип, 3 тоннадан 1 эле пайыз таштанды чыгат.
Бул инсениратор Россиялык “Экосистема” компаниясы тарабынан чыгарылган жана экологиялык коопсуздук стандарттары боюнча эл аралык деңгээлде жогорку баага татыган. “Экосистема” компаниясы рынокто 2008-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана дүйнөнүн ондогон өлкөсүндө 150дөн ашык ишкана менен ишенимдүү кызматташууда.
“Кумтөр Голд Компанин” негизги милдети кандай гана өндүрүш калдыктары болбосун алардын айлана-чөйрөгө терс таасирин алдын алуу болуп саналат. Жаңы жабдыктын ишке берилиши менен Кумтөр ишканасы таштанды маселесин түп орду менен чече алды. Ал эми кайра иштетүүгө жараган баардык таштандылар ылганып, өз-өзүнчө чогултулат дагы кайра иштетүүгө жиберилет. Мисалы Кумтөр кен жайындагы желим заттар компаниянын колдоосу менен Жети-Өгүз районунун Саруу айылында ачылган атайын цехте кайра иштетилет.
Ал эми кен жайдагы оор жана жеңил техникалардын жарабай калган дөңгөлөктөрүнө Кумтөрдүн Токмок шаарындагы заводунда “экинчи өмүр” берилет. Завод ишке киргенге чейин кен жайдагы эски дөңгөлөктөр 600-700гө чейин чогулуп, тоо болуп үйүлүп калчу. Азыр эски дөңгөлөктөр дароо заводго жеткирилип, кайра иштетилет.